Башкы беткеКоомЖугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбор курулууда

Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбор курулууда

Кыргызстанда жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча жаңы илимий борбордун курулушу башталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. Борбордун курулушунун башталышына арналган салтанаттуу иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов катышты.

Иш-чарага видеоконференция аркылуу Россия Федерациясынын Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жана адамдын бакубаттуулугун камсыз кылуу чөйрөсүндө көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова да катышты.

Салтанаттын жүрүшүндө Дамир Осмонов менен Анна Попова биргеликте Жугуштуу ооруларды изилдөө боюнча илимий борбордун курулушуна старт беришти.

Министр Дамир Осмонов жаңы борбордун курулушу өлкөнүн саламаттык сактоо жана илимий тармагы үчүн маанилүү кадам экенин белгиледи.

«Мындай борборду түзүү — бул жарандардын коопсуздугуна жана ден соолугуна, өлкөнүн илимий потенциалын өнүктүрүүгө жана саламаттык сактоо системасынын жугуштуу оорулардын коркунучтарына натыйжалуу жооп кайтарууга даярдыгын жогорулатууга салынган инвестиция», — деди Дамир Осмонов.

Жаңы илимий борбор жугуштуу ооруларды изилдөө жана алардын алдын алуу багытындагы илимий потенциалды күчөтүүгө, ошондой эле саламаттык сактоо системасынын эпидемиологиялык коркунучтарга даярдыгын жогорулатууга багытталат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар