Көчмөндөрдүн тарыхын жана цивилизациялык мурасын комплекстүү изилдөө, бул багытты өз алдынча илимий тармак катары өнүктүрүү жана эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүү зарыл. Бул тууралуу Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Ысык-Көл облусунда өтүп жаткан “Көчмөн цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий конференцияда билдирди.
Анын белгилешинче, евразиялык көчмөндөрдүн тарыхы бир нече миң жылдык мезгилди камтып, аймактагы саясий, экономикалык жана маданий процесстердин өнүгүшүнө олуттуу таасир тийгизген. Ушуга байланыштуу көчмөн цивилизациясын тарыхый фактылардын жыйындысы катары гана эмес, өз алдынча цивилизациялык феномен катары изилдөө зарыл.
Мамлекеттик катчы көчмөндөрдүн тарыхын изилдөөдө эл аралык илимий байланыштарды күчөтүүгө өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи. Анын пикиринде, бул багытта ар кайсы өлкөлөрдүн окумуштууларынын биргелешкен изилдөөлөрүн жүргүзүү тарыхый процесстерди кеңири жана объективдүү кароого шарт түзөт.
Койчиев евразиялык көчмөндөрдүн Кытай цивилизациясы, Ислам дүйнөсү жана Русь менен болгон тарыхый байланыштарын изилдөөнү өзүнчө багыт катары өнүктүрүүнү сунуштады. Ошондой эле бул темалар боюнча илимий эмгектерди системалаштырып, жаңы изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
Мындан тышкары, мамлекеттик катчы кыргыз элинин евразиялык көчмөн цивилизациясынын тарыхый мурасын улантуудагы ордуна токтолду. Анын айтымында, кыргыздардын тарыхый-маданий мурасы бүгүнкү күндө да илимий изилдөөлөрдүн жана эл аралык маданий кызматташтыктын маанилүү багыттарынын бири болуп саналат.
Арслан Койчиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары көчмөн элдердин тарыхый жана маданий мурасын сактоо, жайылтуу жана заманбап форматта таанытуу үчүн маанилүү эл аралык аянтча болуп жатканын белгиледи.
Конференцияда көчмөн цивилизациясынын тарыхы жана мурасы, аны изилдөөнүн заманбап ыкмалары, ошондой эле келечектеги илимий багыттар талкууланууда.
Эл аралык илимий жыйын VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясы борборунда өтүп жатат.



