Home Көчмөндөр оюндары Кыргызстан көкпарда Өзбекстанды 12:4 эсебинде жеңди

Кыргызстан көкпарда Өзбекстанды 12:4 эсебинде жеңди

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы көкпар боюнча мелдеште Кыргызстандын курама командасы А тайпасындагы экинчи оюнунда Өзбекстандын командасын 12:4 эсебинде утту.

Буга чейин кыргызстандык көкпарчылар Монголиянын курама командасын 12:1 эсебинде жеңген. Ал эми Өзбекстан биринчи оюнда Ооганстанды 4:1 эсебинде уткан.

Ошентип, эки турдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасы 6 упай топтоп, А тайпасында лидерлик позициясын сактап калды.

Ал эми В тайпасында биринчи турдан кийин Орусиянын курама командасы үч упай менен алдыда турат. Орусия тайпадагы алгачкы оюнунда Венгрияны 11:1 эсебинде жеңген.

Тайпалык этаптын акыркы турунда 4-сентябрда Кыргызстандын курама командасы Ооганстан менен беттешет.

Белгилей кетсек, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында көкпар боюнча мелдешке 7 өлкөнүн курама командасы катышып, алар эки тайпага бөлүнгөн.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here