Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Андраш Баканы Мажарстандын президенти кызматына шайланышы менен куттуктады.
Куттуктоосунда мамлекет башчысы Андраш Баканын президенттик мөөнөтү Мажарстандын мындан аркы өнүгүүсү жана гүлдөп-өсүшү, мажар элинин ынтымагынын бекемделиши жана бакубаттуулугунун жогорулашы менен коштолот деген ишенимин билдирди.
«Кыргызстан менен Мажарстандын ортосундагы өз ара урматтоого, ишенимге жана элдерибиздин тарыхый-маданий жакындыгына негизделген салттуу достук мамилелерди өзгөчө жылуу сезим менен белгилейм.
Кыргызстан менен Мажарстандын ортосунда жетишилген стратегиялык өнөктөштүктүн деңгээлин жогору баалайм. Соңку жылдары ал туруктуу жана көп кырдуу мүнөзгө ээ болду.
Өлкөлөрүбүздү байланыштырып турган достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн салттары мындан ары да эки тараптуу байланыштарды ырааттуу кеңейтүүгө жана Кыргызстан менен Мажарстандын элдеринин кызыкчылыктарына жооп берген жаңы биргелешкен демилгелерди ишке ашырууга бекем негиз болуп берет деп ишенем», — деп айтылат куттуктоодо.
Садыр Жапаров Андраш Бакага бекем ден соолук, мамлекеттик ишмердигине ийгиликтерди, ал эми Мажарстан элине тынчтык жана өнүгүү каалады.



