Кыргызстанда лизинг компанияларынын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу жаңы эрежелер бекитилди. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Кыргыз Республикасынын аймагындагы лизингдик ишмердүүлүк жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомго кол койду.
Жаңы жобо лизингдик ишмердүүлүктүн укуктук жана уюштуруучулук негиздерин, рыноктун катышуучуларынын укук-милдеттерин, ошондой эле өлкөдөгү лизинг рыногун жөнгө салуунун негизги талаптарын аныктайт.
Мамлекеттик каржылык көзөмөл кызматы лизинг компанияларын жаңы жобонун талаптарын жетекчиликке алып, ички документтерин жана иш жүргүзүү тартибин ага ылайык келтирүүгө чакырды.
Белгиленгендей, документ күчүнө киргенден кийин анын талаптарын аткаруу өлкөдөгү бардык лизинг компаниялары үчүн милдеттүү болот.



