Home Көчмөндөр оюндары Кырчын жайлоосундагы кыргыз-казак акындарынын айтышынын биринчи күнү жыйынтыкталды

Кырчын жайлоосундагы кыргыз-казак акындарынын айтышынын биринчи күнү жыйынтыкталды

0
38

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Кырчын жайлоосунда өтүп жаткан кыргыз-казак төкмө акындарынын эл аралык айтышынын биринчи күнү жыйынтыкталды.

Чыгармачылык таймашка Кыргызстан жана Казакстандан келген акындар катышып, төгүлмө өнөрүн, сөз тапкычтыгын жана чечендигин көрсөтүштү. Айтышта кыргыз жана казак элдеринин тарыхы, маданияты, каада-салты менен катар бүгүнкү күндүн актуалдуу маселелери да козголду.

Калыстар тобунун чечими менен биринчи күндүн жыйынтыгында сегиз акын кийинки баскычка өттү. Алар:

  1. Мухтар Ниязов
  2. Мейирбек Султанхан
  3. Нурлан Эсенкулов
  4. Хазырет Бердихан
  5. Элмирбек Иманалиев
  6. Акматбек Султан уулу
  7. Кутман Садыбакасов
  8. Нурсултан Малдыбаев

Айтыштын экинчи күнү 3-сентябрда саат 17:00дө, финалдык беттеш 4-сентябрда саат 13:00дө Кырчын жайлоосунда өтөт.

LEAVE A REPLY

Please enter your comment!
Please enter your name here