Башкы беткеМинистрлер кабинетиИнфляцияга каршы мамлекеттик программа ишке кирет

Инфляцияга каршы мамлекеттик программа ишке кирет

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тарта инфляцияга каршы мамлекеттик программа иштей баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын айтымында, программа өлкөдөгү инфляциянын деңгээлин төмөндөтүүгө жана баалардын өсүшүн ооздуктоого багытталат.

«Кудай буюрса, 2027-жылдын жыйынтыгын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча инфляцияны эң төмөнкү көрсөткүч менен жабабыз деген үмүтүбүз чоң», — деди Аскат Алагөзов.

Программанын алкагында кандай конкреттүү чаралар көрүлөрү жана анын ишке ашырылышы бааларга кандай таасир этери тууралуу кошумча маалымат азырынча берилген жок.

Белгилей кетсек, инфляциянын төмөндөшү товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн баалары арзандайт дегенди билдирбейт. Бул баалардын өсүү темпи жайлай турганын түшүндүрөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар