Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун эли менен жолукту

Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун эли менен жолукту

Садыр Жапаров бүгүн, 3-ноябрда Талас облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө Айтматов жана Манас райондорунун тургундары менен жолугушуу өткөрдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө Талас облусунун, ошондой эле Айтматов жана Манас райондорунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат берип, аймакты жана жалпы республиканы мындан ары өнүктүрүүнүн келечегине токтолду.

Президент белгилегендей, 2021-жылы Талас облусунун бюджети 640 млн сомду түзсө, 2025-жылы анын бекитилген көлөмү 1 млрд 268 млн сомго жеткен. Ошентип, 2021-жылга салыштырмалуу бюджет дээрлик эки эсеге көбөйгөн.

2026-жылы Талас облусунун бюджети 1 млрд 341 млн сом өлчөмүндө бекитилген. Тогуз айдын ичинде республикалык бюджеттен 8 млрд 638 млн сом каржыланган.

Андан соң Садыр Жапаров Айтматов жана Манас райондорунун бюджеттери боюнча расмий маалыматтарды келтирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар