Башкы беткеМаданиятКыргыз балет артисттери эл аралык “Арабеск” сынагында сыйланды

Кыргыз балет артисттери эл аралык “Арабеск” сынагында сыйланды

А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын балет солисттери Россиянын Пермь шаарында өткөн эл аралык “Арабеск” сынагында сыйлыкка татыды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, сынакта балет бийчиси Адилжан Рахманов II даражадагы лауреат наамын жеңип алса, Даяна Кыдыралиева диплом менен сыйланды.

Белгиленгендей, “Арабеск” сынагы 15–25-апрель күндөрү өтүп, Пермь балетинин 100 жылдыгына арналды. Бул жылы ага дүйнөнүн 14 өлкөсүнөн артисттер катышты.

Кошумчалай кетсек, 1988-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан “Арабеск” дүйнөдөгү эң абройлуу балет сынактарынын бири болуп эсептелет.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар