Башкы беткеМинистрлер кабинетиКулубаев Тогонун тышкы иштер министри менен жолугушту

Кулубаев Тогонун тышкы иштер министри менен жолугушту

Бүгүн, 28-апрелде тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин Тогонун тышкы иштер, кызматташтык, африкалык интеграция жана чет өлкөдөгү тоголездер иштери боюнча министри Роберт Дюссе менен жолугушуусу болуп өттү.

Маалыматка ылайык, Роберт Дюссе Бишкекке Тогонун министрлер кеңешинин төрагасы Фор Эссозимн Гнассингбенин Кыргызстанга боло турган расмий сапарына катышуу үчүн келген.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-тоголез кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Ошондой эле министрлер акыркы жылдары Кыргызстан менен Того ортосундагы байланыштар жанданып жатканын белгилешип, мындан аркы кызматташуунун артыкчылыктуу багыттарын аныкташты.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргызстан менен Того ортосундагы эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар