Башкы беткеДүйнөБириккен Араб Эмирлиги ОПЕКтен чыгарын жар салды

Бириккен Араб Эмирлиги ОПЕКтен чыгарын жар салды

Бириккен Араб Эмирлиги 1-майдан тарта ОПЕК жана ОПЕК+ уюмдарынан чыгарын жарыялады.

Расмий билдирүүгө ылайык, мындай чечим мунай өндүрүү саясатын кайра карап чыгууга байланыштуу кабыл алынган. БАЭ мунай өндүрүшүн акырындап көбөйтүүнү пландап, бул процесске жоопкерчиликтүү мамиле кыларын билдирген. Чечим уюмга мүчө мамлекеттер үчүн күтүүсүз болду.БАЭнин ОПЕК жана ОПЕК+ альянсынан чыгуу чечими стратегиялык мүнөзгө ээ жана узак мөөнөттүү экономикалык көз карашка негизделгенин аталган эмирликтин Тышкы иштер министрлигинин Стратегиялык коммуникациялар департаментинин директору Афра ал-Хамели да айтты.

“Бириккен Араб Эмирлиги бүгүн Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюмунан (ОПЕК) жана ОПЕК+ альянсынан чыгуу чечимин жарыялады, бул чечим 1-майдан тарта күчүнө кирет”, — деп айтылган.

Мунай экспорттоочу өлкөлөрдүн уюму 1960-жылы түзүлгөн жана дүйнөлүк баага таасир этүү үчүн өндүрүш квоталарын көзөмөлдөйт. Уюмга Алжир, Иран, Ирак, Сауд Арабия, Венесуэла жана башка өлкөлөр кирет. Ал эми кеңейтилген форматтагы ОПЕК+ уюумуна Россия, Казакстан, Мексика жана башка бир катар өлкөлөр кирип, мунай өндүрүшүн жөнгө салуу боюнча биргелешкен чараларды ишке ашырып келишет.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар