Кыргызстандын бардык мектептеринде “Акыркы коңгуроо” салтанаты 29-майда саат 09:00дө өткөрүлөт. Тиешелүү чечим Агартуу министрлигинин буйругу менен бекитилди.
Буйрукка ылайык, бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга, ошондой эле мектептеги расмий иш-чарадан тышкаркы кошумча майрамдарды уюштурууга тыюу салынды.
Мындан тышкары окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында салтанат учурунда мектеп аймагында фейерверк, кооптуу техникалык каражаттар жана тез күйүүчү буюмдарды колдонууга, экологияга зыян келтирген гелий шарларды учурууга жол берилбейт.


