Башкы беткеКоомБишкекте веложүрүш болду

Бишкекте веложүрүш болду

Бүгүн, 1-майда Бишкекте борбор калаанын 148 жылдыгына арналган жазгы веложүрүш болду. Бул тууралуу мэрия билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чара Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталып, катышуучулар “Газпром — балдарга” дене тарбия жана ден соолукту чыңдоо комплексинде маарага жетишти. Жалпы маршруттун узундугу 5,5 чакырымды түздү.

Веложүрүшкө кесипкөй жана ышкыбоз велосипедчилер менен катар, үй-бүлөсү менен келген шаар тургундары да активдүү катышты. Жалпысынан 2 миңден ашуун адам велосипед менен жүрүшкө кошулду.

Иш-чаранын соңунда коноктор үчүн атайын көңүл ачуучу программа тартууланды.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар