Президент Садыр Жапаров 11-майдан тарта бардык айыл өкмөттөрдө жергиликтүү калк менен жолугушуулар өткөрүлөрүн билдирди. Ага облустук жетекчилер жана тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышат.
Мамлекет башчысынын айтымында, жарандардын кайрылууларынын басымдуу бөлүгү жергиликтүү деңгээлде чечиле турган маселелер. Ушуга байланыштуу жетекчилерге көйгөйлөрдү жеринде ыкчам чечүү тапшырмасы берилди.
Жолугушуулар май-июнь айларында түз эфирде көрсөтүлүп, октябрь-ноябрда кайрадан уюштурулат. Анда мурда айтылган маселелердин аткарылышы текшерилет. Чечилбей калган учурларда жооптуу жетекчилер жоопкерчиликке тартылары белгиленди.
Президент жарандарды жолугушууларга активдүү катышып, көйгөйлөрүн тиешелүү документтер менен бирге көтөрүүгө чакырды.





