2026-жылдын 29-30-апрелинде Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында “Чексиз симфония” аттуу эл аралык музыкалык концерт өтүп, көрүүчүлөргө унутулгус маданий кече тартууланды.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын биринчи айымы Айгүл Жапарова, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев, Маданият министрлигинин өкүлдөрү жана башка чоң коноктор катышты. Концерттин негизги максаты — музыка аркылуу элдерди жана маданияттарды бириктирүү.
Концертте Кыргыз улуттук филармониясынын эстрадалык-симфониялык оркестри жана “ODK Orchestra” жамааты классикалык, этникалык жана заманбап музыканы жаңы симфониялык форматта аткарышты. Көрүүчүлөр кыргыз, европа, кытай, испан, орус, түрк жана башка элдердин музыкалык чыгармаларын угушту.
Айрыкча, кыргыз музыкасынын жаңы симфониялык аранжировкалары улуттук мурастын заманбап форматта жаңырышына өбөлгө түздү. Концертте белгилүү аткаруучулар жана эл аралык солисттер да өнөр көрсөтүштү.
Долбоордун өзгөчөлүгү катары, “ODK Orchestra” жамаатынын концерттик турнесинде кыргыздын комуз жана кыл кыяк чебери Дастан Биримкулов да катышып, дүйнө жүзү боюнча гастролдо жүрөт.
Концертти уюштургандар эл аралык “Артайнмент” фондунун негиздөөчүсү Сана Лавров жана журналист Гулзат Шаршеналиева.


