3–6-май күндөрү өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги аймактарында туруксуз аба ырайына байланыштуу нөшөрлүү жаан жаап, сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.
ӨКМ жарандарды майрам жана эс алуу күндөрү коопсуздук чараларын сактоого чакырат. Мүмкүн болушунча тоолуу аймактарга барбай, дарыя жээктеринде жана капчыгайларда эс албоо сунушталат. Ошондой эле катуу жаан учурунда тоо жолдору менен жүрүүдөн баш тартуу керек.
Мындан тышкары, 2–6-май күндөрү абанын температурасынын жогорулашына жана жаан-чачынга байланыштуу айрым унаа жолдорунда кар көчкү, кар күрткүсү жана тайгактык күтүлөт:
Балыкчы — Казарман — Жалал-Абад унаа жолунун 326–349-чакырымында (Көк-Арт ашуусу), Каракол — Эңилчек жолунун 70–90-чакырымында (Чоң-Ашуу ашуусу).
Айдоочуларга кар көчкү коркунучу бар тилкелерден өтүүдө унаалардын ортосунда 500 метр аралыкты сактоо сунушталат.


