Башкы беткеДүйнөТүркияда күчтүү бороон болду

Түркияда күчтүү бороон болду

Түркияда күчтүү бороон болуп, бир адам каза болду. Дагы 40тай адам жаракат алды.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, Стамбул жана дагы 43 шаар үчүн сары деңгээлдеги кооптуулук жарыяланды.

Айрым шаарларда көчөлөрдү суу каптап, дарактар кулап, унаалар сууга чөгүп, үйлөр жабыркаган. Кээ бир жерлерде куюн байкалса, Денизли, Бурдур, Кютахья жана Афьон аймактарында кар жаады.

Бул бороон «суперячейка» деп аталды — анда нөшөрлүү жамгыр, катуу шамал, торнадо жана жаңгактай чоң мөндүр бир учурда катталган. Туристтердин айтымында, азырынча Стамбулда абал салыштырмалуу тынч.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар