Кытай бийлиги инфлюенсерлер жана контент жаратуучулар үчүн жаңы эрежелерди киргизди. Эми медицина, укук, каржы, билим берүү жана саламаттык темаларын чагылдырган блогерлер өз квалификациясын же тиешелүү билимин расмий тастыктоого милдеттүү болот.
Маалыматка ылайык, Douyin жана Weibo платформалары колдонуучулардын бул маалыматтарын текшерет. Талаптарды бузгандарга 100 миң юанга чейин айып пул салынышы мүмкүн, ошондой эле аккаунттарды бөгөттөө чарасы каралган.
Бийлик бул кадамды жалган маалыматтарга каршы күрөшүү жана контенттин сапатын жогорулатуу максаты менен түшүндүрүүдө. Бирок жаңы эрежелер коомчулукта талкуу жаратып, айрымдар аны маалыматты көзөмөлдөөнү күчөтүү аракети катары баалашууда.


