Башкы беткеКоомРубль кымбаттап, доллар менен евро арзандады

Рубль кымбаттап, доллар менен евро арзандады

Улуттук банктын жана Бишкектеги акча алмаштыруу жайларынын маалыматына ылайык, орус рублинин курсу жогорулап, негизги валюталар арзандады.

АКШ долларынын расмий курсу 87,4205 сомду түзүп, 0,01%га төмөндөдү. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда доллар орточо 87,32 сомдон сатып алынып, 87,77 сомдон сатылууда.

Евронун расмий курсу 102,1028 сом болуп, 0,19%га арзандады. Обмен пункттарында евро 102,19 сомдон сатып алынып, 103,17 сомдон сатылууда.

Орус рубли тескерисинче 0,4%га өсүп, расмий курс 1,167 сомду түздү. Алмаштыруучу жайларда рубль 1,134 сомдон сатып алынып, 1,174 сомдон сатылууда.

Казак теңгеси 0,1889 сомго чейин төмөндөдү , ал эми кытай юаны 12,7955 сомго чейин бир аз жогорулады.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар