Нарын облусунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Маалыматка ылайык, жер титирөө 10-май күнү саат 20:54тө катталган.
Жер титирөөнүн очогу Жетим тоо кырка тоосунун аймагында, Узун-Булак айылынан түштүк-чыгышка карай 10 чакырым, Арчалы айылынан түштүк-батышка карай 14 чакырым жана Нарын шаарынан түндүк-чыгышка карай 65 чакырым аралыкта жайгашкан.
Алдын ала маалыматтар боюнча, калктуу конуштарда жер титирөө сезилген эмес.


