Бишкек шаарында төрт күнгө созула турган «Жаштар жумалыгы» расмий түрдө старт алды. Иш-чаранын ачылыш аземи 12-май күнү Тунгуч театрында өттү. Долбоор Бишкек мэриясынын Дене тарбия жана спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти тарабынан Консультативдик кеңеш менен биргеликте уюштурулган.
Ачылыш аземине Бишкек мэринин орун басары Виктория Мозгачева катышып, жаштардын коомдогу орду жана активдүүлүгүнүн маанисине токтолду. «Жаштар жумалыгы» 12–15-май күндөрү өтүп, ага 100дөн ашык жаш катышуучу, анын ичинде борбор калаадагы 40 мектептин окуучулары жана 15 жогорку окуу жайдын студенттери катышууда.
Иш-чаранын негизги максаты – Кыргыз Республикасынын Президентинин «Улуттук рух — дүйнөлүк бийиктиктер» аттуу Жарлыгын ишке ашыруу, жаштардын тарыхка болгон кызыгуусун арттыруу, мамлекеттик тилди жайылтуу, патриоттук баалуулуктарды бекемдөө жана жаштарды шаардык коомдук турмушка активдүү тартуу болуп саналат.


