Башкы беткеДүйнөБАЭ Иран аймагына жашыруун сокку урганы айтылды

БАЭ Иран аймагына жашыруун сокку урганы айтылды

Бириккен Араб Эмираттары Иран аймагына жашыруун сокку жасаганын The Wall Street Journal басылмасы жазды.

Маалыматка ылайык, апрель айынын башында БАЭнин аскердик-аба күчтөрү Ирандын Лаван аралындагы мунай иштетүүчү заводго сокку урган. Басылма бул окуя АКШ президенти ок атышууну токтотуу тууралуу жарыя кылгандан кийин, бирок АКШ менен Ирандын ортосундагы келишим күчүнө кире электе болгонун белгилейт.

Соккунун кесепетинен заводдо өрт чыгып, ишкана олуттуу зыянга учураган. Иран буга жооп катары БАЭ жана Кувейт багытында дрондорду учурганы кабарланды.

Расмий түрдө БАЭ бийлиги АКШ жана Израилдин Иранга каршы операцияларына түз катышып жатканын тастыктаган эмес. Бирок өлкө өзүн коргоо үчүн жооп кайтарууга укуктуу экенин билдирип келет.

Маалыматта айтылгандай, февралдын аягында АКШ менен Израил Иранга каршы согуш аракеттерин баштагандан бери Тегеран Перс булуңундагы АКШнын өнөктөш өлкөлөрүнө ракеталык жана дрондук соккуларды байма-бай жасап келет.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар