Башкы беткеМинистрлер кабинетиАдылбек Касымалиев Ситуациялык борбордо жумушчу кеңешме өткөрдү

Адылбек Касымалиев Ситуациялык борбордо жумушчу кеңешме өткөрдү

Бүгүн, 13-майда Бишкекте «Ынтымак Ордодо» Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» медиа долбоорунун алкагында Ситуациялык борбордо жумушчу кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн аймактарындагы социалдык-экономикалык абал жана негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөр каралды. Санариптик инструменттер аркылуу бюджеттин аткарылышы жана 113 ири өнөр жай объектисин камтыган инфраструктуралык долбоорлордун ишке ашуусу көзөмөлдөндү.

Кеңешмеде Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы сел кырсыктарынын кесепеттерин жоюу маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Адылбек Касымалиев видеокөзөмөл жана ыкчам маалыматтардын негизинде турак жайларга, жолдорго жана ирригациялык тармактарга келтирилген зыяндын көлөмү менен таанышты.

Министрлер Кабинетинин башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга жабыркаган инфраструктураны калыбына келтирүү, ошондой эле материалдык чыгымдарды так эсептөө боюнча тапшырмаларды берди. Жыйынтыгында мамлекеттик программалардын аткарылышын күчөтүү жана Ситуациялык борбордун ыкчам чара көрүү мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу боюнча бир катар тапшырмалар коюлду.

Белгилей кетсек, «Ачык кабинет» долбоору мамлекеттик башкаруудагы иш процесстерин коомчулукка ачык көрсөтүүгө багытталган.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар