Башкы беткеМаданият “Музейдеги түн” акциясы өтөт

 “Музейдеги түн” акциясы өтөт

18-май — Эл аралык музейлер күнүнө карата Улуттук тарых музейинде салтка айланган “Музейдеги түн” акциясы өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, быйылкы иш-чара Эл аралык музейлер кеңеши (ICOM) тарабынан жарыяланган “Музейлер — бөлүнгөн дүйнөнү бириктирген мейкиндик” аттуу эл аралык теманын алкагында уюштурулууда.

Улуттук тарых музейинде бул күнү бир мезгилде 80ге жакын маданий жана чыгармачылык иш-чара өткөрүүну пландап жатат.

Кеңири маданий программада жаш манасчылардын өнөрү, концерттик көрсөтүүлөр, улуттук жана заманбап кийимдердин мода көргөзмөсү, цирк программасы, эбру искусствосу, улуттук оюндар, кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар жана дүйнө элдеринин маданий өзгөчөлүктөрүн чагылдырган көрсөтүүлөр сунушталат.

Мындан тышкары, сүрөт, айкел, графика, кийиз, жыгач, тери, чопо жана башка чыгармачылык багыттар боюнча мастер-класстар уюштурулуп, археология жана согуш темасындагы даректүү тасмалар көрсөтүлөт.

Иш-чарага «Манас» театры, Кыргызстан элдеринин ассамблеясы, «Кийиз дүйнө» коомдук фонду, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Япон жана Конфуций институттары, көркөм сүрөт жана техникалык окуу жайлар, чыгармачыл уюмдар жана белгилүү өнөр адамдары катышат.

Акция саат 15:00дөн тарта 21:00гө чейин уланат. Кирүү акысыз.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар