Суткасына 400 тоннага чейин тазаланган күн карама майын өндүрүү пландалууда. Маалымат 13-майда Суу ресурстары жана айыл чарба министри Эрлист Акунбеков Россиянын Самара облусунан келген инвесторлор менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.
Жолугушууда инвесторлор Чүй облусунун Ысык-Ата районунда май өндүрүүчү комбинат куруу долбоорун сунушташты. Долбоордун алкагында заманбап муздак рафинациялоо технологиялары колдонулуп, күн карама майын өндүрүү пландалып жатканы айтылды.
Тараптар кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү, агроөнөр жай секторуна инвестиция тартуу жана долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.
Өз кезегинде Эрлист Акунбеков мамлекет инвестициялык долбоорлорду колдоого даяр экенин белгилеп, ишкананы ишке ашырууда ар тараптуу көмөк көрсөтүлөрүн белгиледи.


