Бүгүн, 14-майда Кыргызстан жаштарынын республикалык конгресси өттү. Иш-чараны Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги уюштурду.
Конгресске Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген жаштар кеңештеринин төрагалары, активисттер жана студенттер катышты.
Союзбек Надырбеков жаштар конгреси эки жылда бир ирет өткөрүлүүчү эң маанилүү аянтчалардын бири экенин билдирди. Анын белгилөөсүндө, мурда жаштар саясатын өнүктүрүгө мамлекет бөлгөн каражат 4 млн сомду түзсө, азыр президенттин колдоосу менен бул жылы 50 млн сомго чейин көтөрүлдү.
Жогорку кеңештин депутаты Табылды Мураталиев жаштар саясатын өнүктүрүүдө жаштар кеңеши түзүлүп, аймактардан 120 өкүл парламентке эки жарым айлык окууга тандалып алынганын айтты.
Конгресстин алкагында аймактардан келген делегаттар жаштар саясаты боюнча сунуштарын жана демилгелерин айтышты. Ошондой эле райондук жана шаардык жаштар кеңештеринин 2026-жылга карата пландары тааныштырылды.
Конгресстин жыйынтыгында иштелип чыккан сунуштар тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп, кабыл алынган чечимдердин аткарылышына Министрлер кабинети тарабынан координация жана мониторинг жүргүзүлөт.


