Быйыл Араван районунда 15 гектар жерге Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) аркылуу 5 миңге жакын батир куруу пландалууда. Бул тууралуу Ош облусунун башчысы Аманкан Кенжебаев Гүлистан айыл аймагынын тургундары менен жолугушууда билдирди.
Анын айтымында, МИК аркылуу батир алган жарандар турак жайдын наркын 25 жыл ичинде төлөп бүтүрө алышат.
Облус башчысы белгилегендей, курулуп жаткан батирлерден Ноокат районунун тургундары да кезек аркылуу пайдалана алышат.
“Ош облусу боюнча айта турган болсок, Кара-Суу районунда 47 гектар жерге МИК аркылуу 30 миң батир салынат. Алай районунда беш кабаттуу үйлөрдүн курулушу башталганы турат. Араван районунда 11 гектар жер бөлүнүүдө. Быйыл 3 миң батирдин курулушу аяктап калды. Өзгөн районунда дагы 15 гектар жер бөлүнүп, ал жакта да МИК аркылуу турак үйлөр курулат”, — деди Аманкан Кенжебаев.


