Башкы беткеМаданиятШанхай кинофестивалы кыргыз режиссерун башкы жюриге чакырды

Шанхай кинофестивалы кыргыз режиссерун башкы жюриге чакырды

Белгилүү режиссер Актан Арым Кубат 28-Шанхай эл аралык кинофестивалынын негизги сынагы — Golden Goblet Awards калыстар тобунун курамына кирди. Бул тууралуу кинопродюсер Алтынай Койчуманова билдирди.

Кинофестиваль 12–21-июнь күндөрү Шанхай шаарында өтөт. Шанхай кинофестивалы Азиядагы эң ири кино иш-чараларынын бири болуп саналат жана Кытайдагы эл аралык «А» категориясындагы жалгыз фестиваль макамын алып жүрөт.

Быйылкы Golden Goblet Awards сынагынын калыстар тобун гонконгдук актер Тони Люн Чу Вай жетектейт. Ошондой эле курамга Тунистин продюсери Дора Бушуша, кытайлык режиссер Гуань Ху, грузиялык режиссер жана сценарист Деа Кулумбегашвили, мексикалык режиссер Фернанда Валадес жана кытайлык актриса Синь Чжилэй кирди.

Белгилей кетсек, 2023-жылы Актан Арым Кубат жаш режиссерлордун «Жаңы азиялык таланттар» сынагынын калыстар тобун жетектеген. Ал эми 2025-жылы анын Кара Кызыл Сары тасмасы фестивалдын башкы сыйлыгына татыган.

Мындан тышкары, фестивалдын «Эл аралык панорама» программасында режиссердун Бешкемпир тасмасы көрсөтүлөт.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар