Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров “Түрк цивилизациясынын борборунун” курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды

Садыр Жапаров “Түрк цивилизациясынын борборунун” курулушунун пайдубалына мезгил кутусун салды

Бүгүн, 15-майда Президент Садыр Жапаров ТМУга мүчө-өлкөлөрдүн бейформал саммитинин алкагында “Түрк цивилизациясынын борборун” пайдубалынын курулушуна мезгил кутусун салуу аземине катышты. Азем Илхам Алиевдин, Касым-Жомарт Токаевдин, Режеп Тайып Эрдогандын жана Шавкат Мирзиёевдин катышуусунда видеоконференция режиминде өттү.

“Түрк цивилизациясынын борбору” долбоору түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга багытталган. Борбор түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири болуп эсептелген Түркстан шаарында курулат. Долбоордо санариптик жана интерактивдүү технологияларды колдонуу менен заманбап маданий-билим берүү аянтын түзүү каралганы белгиленди.

Андан ары ТМУ өлкөлөрүнүн лидерлерине жасалма интеллект экономикасын жана Уюмга мүчө-мамлекеттердин санариптик өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү стратегиясы сунушталды. Казакстан тарап презентациянын жүрүшүндө санариптик инфраструктура, жасалма интеллект, спутник байланышы жана эсептөө кубаттуулуктарын өнүктүрүү тармактарында ишке ашырылып жаткан демилгелер тууралуу маалымат берди. Ошондой эле мамлекеттик башкаруу системасына санариптик чечимдерди киргизүү ыкмалары да көрсөтүлдү.

Мындан тышкары, ТМУга мүчө-мамлекеттердин инновациялар, технологиялык алмашуу жана санариптик трансформация жаатындагы кызматташтыгын кеңейтүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар