Башкы беткеПрезидентСадыр Жапаров: “Жасалма интеллект бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселеси”

Садыр Жапаров: “Жасалма интеллект бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселеси”

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейформал саммитинде сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө саммиттин негизги темасы болгон “Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү” бүгүнкү күндүн эң актуалдуу маселелеринин бири экенин белгиледи.

Президент дүйнө учурда терең өзгөрүүлөрдүн баскычында турганын айтып, технологиялардын тездик менен өнүгүшү экономикага, билим берүү тармагына, саламаттык сактоого жана коомдук жашоонун бардык тармактарына чоң таасир тийгизип жатканын баса белгиледи.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө глобалдык атаандаштык ресурстар жана аймактар үчүн гана эмес, технология жана жасалма интеллект үчүн дагы жүрүп жатат.

Ошондой эле Садыр Жапаров түрк мамлекеттеринин ортосунда санариптик кызматташтыкты өнүктүрүү жана инновациялык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу маанилүү экенин белгиледи.

Жуманын эң окулгандары







Бул жер сиздин жарнамаңыздын орду

Акыркы жаңылыктар