18-май — Эл аралык музейлер күнүнө карата өлкө боюнча бир катар маданий жана агартуучулук иш-чаралар уюштурулууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Мааракелик күндүн алкагында музейлерде тематикалык көргөзмөлөр, ачык эшиктер күнү, экскурсиялар, маданий жолугушуулар жана жаштар үчүн атайын агартуучулук программалар өткөрүлөт. Иш-чаралардын негизги максаты — улуттук тарыхый жана маданий мурастарды кеңири жайылтуу, музейлерге болгон кызыгууну арттыруу жана жаш муундарды тарыхка урматтоо духунда тарбиялоо болуп саналат.
Министрлик музейлер кыргыз элинин тарыхын, маданиятын жана руханий дөөлөттөрүн сактап келген маанилүү маданий жайлар экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө өлкө музейлери заман талабына ылайык өнүгүп, санариптик технологияларды колдонуу менен жаңы форматтагы көргөзмөлөрдү жана виртуалдык экскурсияларды сунуштап келет.
“Музейлер — бул өткөн менен келечекти байланыштырган руханий көпүрө. Алар улуттук эстутумду сактап, коомду агартууда өзгөчө мааниге ээ”, — деп айтылат министрликтин куттуктоосунда. Ошондой эле музей тармагында эмгектенген кызматкерлердин эмгеги өзгөчө белгиленип, алардын улуттук мурастарды сактоого кошкон салымы жогору бааланды.
Маданият министрлиги тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана музейлердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо багытындагы иштер мындан ары да улантыларын билдирди.



