Башкы беткеМаданиятАзия чемпионаты: гимнасттар Бишкекте күч сынашат

Азия чемпионаты: гимнасттар Бишкекте күч сынашат

23–26-май күндөрү Бишкек шаарында көркөм гимнастика боюнча Азия чемпионаты уюштурулат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.

Мелдеш жаштар арасында 21-жолу, чоңдор арасында 17-жолу өткөрүлүп жатат.

Чемпионатка 19 өлкөдөн 200гө жакын спортчу катышат. Алардын катарында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай, Япония, Түштүк Корея, Таиланд, Монголия жана башка мамлекеттер бар.

Бул мелдеш Азия оюндарына жана дүйнө чемпионатына жолдомо берүүчү маанилүү тандоо этабы болуп эсептелет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар