Башкы беткеПрезидентПрезидент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Мамлекет башчысы Азербайжандын президенти Илхам Алиевдин чакыруусу менен Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясына (WUF13) катышты. Форумга дүйнөнүн 182 өлкөсүнөн 45 миңден ашуун делегат чогулду.

Садыр Жапаров өз сөзүндө тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүү, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүү жана экологиялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолду. Ошондой эле Бишкекте катуу тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү эко-технологиялык завод ачылганын белгиледи.

Форумдун алкагында президент Маврикийдин лидери Дхарамбир Гокхул менен жолугуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулады.

Иш сапардан соң Садыр Жапаров 19-майда Чолпон-Ата шаарына кайтып келди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар