Башкы беткеМинистрлер кабинети«Ачык кабинет» медиадолбоорунун алкагында Данияр Амангельдиевдин бир күнү

«Ачык кабинет» медиадолбоорунун алкагында Данияр Амангельдиевдин бир күнү

Бишкек шаарында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев «Ачык кабинет. Жоопкерчилик аймагы» аттуу медиадолбоорго катышып, бир күндүк ишмердүүлүгүн жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө көрсөттү.

Долбоордун алкагында журналисттер МинКаб төрагасынын биринчи орун басарын күн бою коштоп жүрүштү. Иш күнү «Биринчи радионун» түз эфиринен башталып, андан соң «Ынтымак Ордо» имаратында өлкөнүн экономикалык саясатынын артыкчылыктары талкууланган бейформал жолугушуу уюштурулду.

Программанын маанилүү бөлүктөрүнүн бири Президенттин Администрациясынын Кырдаалдык борборуна болгон сапар болду. Данияр Амангельдиев журналисттерге борбордун иштөө механизмдерин тааныштырып, социалдык-экономикалык процесстерге жүргүзүлгөн санариптик мониторинг жана аймактардан түшкөн маалыматтардын негизинде ыкчам чечим кабыл алуу системасы тууралуу маалымат берди.

Андан соң делегация Чүй облусуна барып, «Тулпар Моторс» машина куруу заводу жана «Сан Органик» мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. МинКаб башчысынын биринчи орун басары бул өндүрүштөрдүн өлкөнүн өнөр жайын өнүктүрүүдөгү, технологиялык өндүрүштөрдү локалдаштыруудагы жана экспорттук потенциалды кеңейтүүдөгү маанисин белгиледи.

Күндүн экинчи жарымында журналисттер Президенттин Администрациясында өткөн эки жумушчу кеңешмеге катышып, мамлекеттик тапшырмалардын талкууланышы жана алардын аткарылышын көзөмөлдөө процесси менен таанышышты.

Иш күнү Кыргыз улуттук маалымат агенттигинин «Кабар» подкастында жыйынтыкталып, анда Данияр Амангельдиев өлкөнүн узак мөөнөттүү өнүгүү пландары жана экономикалык артыкчылыктары тууралуу суроолорго жооп берди.

Жыйынтыгында ал «Ачык кабинет» форматы коомчулукка аткаруу бийлигинин ишин ачык көрүүгө жана мамлекеттик аппараттын алдында турган милдеттердин масштабын түшүнүүгө мүмкүнчүлүк берерин белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар