Башкы беткеДүйнөФабрика жумушчусунан миллиардерге айланган кытайлык айым

Фабрика жумушчусунан миллиардерге айланган кытайлык айым

АКШ делегациясынын Кытайга болгон сапары учурундагы биргелешкен сый тамакта Илон Маск (Tesla) менен Тим Куктун (Apple) ортосунда отурган айым көпчүлүктүн көңүлүн бурду. Ал — Чжоу Цюньфэй, Blue Thought Technology компаниясынын негиздөөчүсү жана Кытайдагы өз күчү менен байыган биринчи аял-миллиардер.

Чжоу Кытайдын чакан айылында төрөлгөн. Беш жашында энесинен айрылып, атасы кырсыктан кийин көрбөй калган. Үй-бүлөнүн оор турмушунан улам ал 15 жашында мектепти таштап, фабрикага иштөөгө кеткен. Күндүз айнек жылмалап иштеп, кечинде өз алдынча билим алган.

Бир нече жылдан кийин топтогон 20 миң юанына туугандары менен бирге Шэньчжэнде чакан айнек цехин ачкан. Ал жерде жабдууларды өзү оңдоп, сатууларды да өзү жүргүзгөн.

2000-жылдары уюлдук телефондордун рыногу өсө баштаганда анын цехи TCL телефондору үчүн экран чыгарып калган. Ошондон кийин Чжоу Blue Thought Technology компаниясын түзүп, кийин Motorola менен кызматташууга жетишкен. Дүйнөгө белгилүү V3 модели үчүн алынган ири буюртма компанияны дүйнөлүк рынокко алып чыккан.

Чоң бурулуш 2007-жылы болду. Анткени Стив Жобс IPhone телефонун чыгарып, дүйнөдө сенсордук экраны бар уюлдук телефондордун доору башталган. Сапат боюнча өтө жогорку талаптар коюлгандыкан, ага ылайыктуу өндүрүүчү табылган эмес. Чжоу Цюньфэй бул дагы чоң мүмкүнчүлүк экенин түшүнүп, командасы Apple компаниясынын инженерлери менен үч ай тынымсыз иштеп, коюлган тапшырмаларды аткарууга жетишкен. Натыйжада, биринчи iPhone үчүн айнек панелдерди массалык өндүрүшкө чыгарып, Apple менен узак мөөнөттүү келишим түзгөн. Кийинчерээк iPad, MacBook жана башка Apple түзмөктөрүнүн көпчүлүгүнө панелдерди ушул компания өндүрө баштаган.

Дал ушул себептен сый тамакта Чжоу Тим Куктун жанында отурду. Ал эми анын экинчи тарабында Илон Масктын отурганы да жөн жерден эмес.

Бүгүн Blue Thought Technology автоунаа жана робототехника тармагында да иш алып барат. Компания Tesla, BMW, Mercedes-Benz жана Li Auto сыяктуу ондогон бренддер менен кызматташат.

Ошентип кезинде мектепти таштоого аргасыз болгон кыз миллардерге айланып, АКШ менен Кытайдын эң жогорку деңгээлдеги сүйлөшүүлөрүндө технократтар Илон Маск жана Тим Кук менен катарлаш отурат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар