18-майда Р.Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясында Кыргыз Республикасынын эл артисти, дастанчы-композитор Жолболду Алибаевдин 80 жылдык мааракесине арналган “Чолпонум” мюзиклинин бет ачары өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, премьера аншлаг менен өтүп, көрүүчүлөр тарабынан жылуу кабыл алынды. Мюзиклдин режиссёру Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Н. Мендебаиров, либреттонун автору Н. Рыскул кызы, башкы дирижёр И. Абдылдаев .
Аталган мюзиклди Бишкек шаарында жана аймактарда коюу пландалууда.



