Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда “Электрондук нотариат” системасы ишке кирди

Кыргызстанда “Электрондук нотариат” системасы ишке кирди

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги “E-Notary” (“Электрондук нотариат”) маалыматтык системасы ишке киргизилгенин билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы система жарандар үчүн жасалма ишеним каттардын даярдалышы жана архивдик документтердин жоголушу сыяктуу тобокелдиктерди азайтат. Ошондой эле долбоор мамлекеттик башкаруунун ачыктыгын жогорулатып, жеке менчикти коргоого жана санариптик экономиканын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт.

Нотариат институту Hyperledger Fabric платформасынын негизинде иштеген бөлүштүрүлгөн реестр технологиясына өткөрүлгөн.

Долбоордун негизги максаты — кагаз түрүндөгү жасалмалоолорду жоюу, купуя маалыматтарды коргоо жана криптографиялык алгоритмдер аркылуу нотариалдык документтердин өзгөртүлбөстүгүн камсыз кылуу.

Жарандардын жеке маалыматтары жана мүлктүк укуктары төмөнкү беш технологиялык деңгээл аркылуу корголот:

  • Адам факторун жоюу — нотариалдык реестр катуу хронологиялык ырааттуулук менен иштеп, маалыматтарды өчүрүү же өзгөртүү техникалык жактан мүмкүн эмес;
  • Бөлүштүрүлгөн сактоо — маалыматтар бир учурда Юстиция министрлигинде, Нотариалдык палатада жана Инфоком мамлекеттик ишканасында сакталат;
  • Криптографиялык текшерүү — ар бир нотариалдык акт коддолуп, документтеги эң кичине өзгөрүү дароо аныкталат;
  • Тармактын автономдуулугу — блокчейн тармагы жалпы интернеттен бөлүнгөн жабык система катары иштейт;
  • Купуялуулук — бүтүмдөр боюнча маалыматтарга катышуучулар жана ыйгарым укуктуу нотариус гана кире алат.

Министрликтин маалыматына ылайык, система тышкы интернет өчүрүлгөн учурда да жергиликтүү режимде иштеп, байланыш калыбына келген соң маалыматтарды автоматтык түрдө синхрондойт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар