21-майда Беш-Мерген жайлоосунда “Салам Ош – 2026” VII эл аралык туристтик фестивалынын салтанаттуу ачылды. Фестивалдын алкагында келген коноктор жана чет өлкөлүк делегациялар кыргыз элинин салттуу меймандостугу менен тосуп алынды. Иш-чарага Аманкан Кенжебаев катышып, Өзбекстандан келген атайын конокторду жана Тажикстан делегациясын салтанаттуу кабыл алды.
Коноктор үчүн атайын жасалган кооз арка уюштурулуп, кыргыз элинин меймандостугу жана улуттук салттары көрсөтүлдү. Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө акындар тарабынан куттуктоо сөздөрү айтылып, фестивалдын маанайы көркөм өнөр менен коштолду.
Фестивалдын өзгөчө бөлүктөрүнүн бири катары кыргыз элинин байыркы аңчылык маданиятын чагылдырган “Салбуурун” программасы көрсөтүлдү. Анын алкагында куш салуу, тайган жарыш жана жаа атуу сыяктуу улуттук оюндар жана өнөрлөр тартууланды.
Иш-чарага Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош шаарынын мэри жана башка белгилүү инсандар катышууда.
Уюштуруучулардын маалыматына ылайык, “Салам Ош – 2026” фестивалы элдер арасындагы достукту жана ынтымакты чыңдоого, ошондой эле Ош облусунун кооз жаратылышын, туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жана маданий мурасын дүйнөгө таанытууга багытталган ири маданий аянтча болуп саналат.



