Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Тарых, археология жана этнология институтунда кытайлык автор Чжан Дадзюндун Үркүн окуясына байланыштуу эмгеги кыргыз тилине которулууда.
Институттун илимий кызматкери Канышай Маккамбаева билдиргендей, бул иш Кытайдын Синьцзян университетинин Тарых институту менен кызматташтыктын алкагында жүргүзүлүүдө. Изилдөө учурунда 1916-жылдагы окуяларга байланыштуу кытай булактары изделип, профессор Чжан Шицай аркылуу тиешелүү материалдар алынган.
Жыйынтыгында “Синьцзяндагы 70 жылдык бороон” аттуу эмгектин автору Чжан Дадзюндун китеби жөнөтүлгөн. Анда 1916-жылдагы Үркүн окуясына байланышкан маалыматтар да камтылган.
Маалыматка ылайык, классикалык кытай тилинде жазылган эмгектин 60 барагынын 20 барагы учурда кыргызчага которулду. Калган бөлүгүн жыл аягына чейин которуп бүтүрүү пландалууда.
Ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясыда “1916-жыл: жаңы табылгалар жана көз караштар” аттуу илимий тегерек стол өтүп, Үркун окуясы жаңы архивдик жана чет элдик булактардын негизинде талкууланды.



