Башкы беткеСаясатМарлен Маматалиев Казакстандын Сенат Төрагасы менен жолугушту

Марлен Маматалиев Казакстандын Сенат Төрагасы менен жолугушту

21-майда Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Санкт-Петербург шаарындагы иш сапарынын алкагында Казакстандын Парламентинин Сенатынын Төрагасы Маулен Ашимбаев менен жолугушту.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.

Марлен Маматалиев Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы достук жана өнөктөштүк мамилелерди белгилеп, парламенттик дипломатиянын маанисине токтолду.

Өз кезегинде Маулен Ашимбаев кыргыз тарап менен кызматташууну мындан ары да чыңдоого кызыкдар экенин билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар