Башкы беткеМинистрлер кабинетиЕАЭБ жыйынында 18 маселе талкууланып, экономикалык чечимдер бекитилди

ЕАЭБ жыйынында 18 маселе талкууланып, экономикалык чечимдер бекитилди

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин видеоконференция форматындагы жыйынына катышты.

Жыйында жалпысынан 18 маселе каралып, алардын басымдуу бөлүгү талкуусуз кабыл алынды. Анда ЕАЭБ менен Индонезиянын ортосундагы эркин соода боюнча макулдашууну ишке ашыруу планы бекитилип, мүчө мамлекеттерге ички жол-жоболорду тездетүү сунушталды.

Ошондой эле “Лакокраска материалдарынын коопсуздугу жөнүндө” техникалык регламент кабыл алынды. Бул документ Кыргызстан үчүн 2032-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет.

Мындан тышкары, Кыргызстанга өнөр жайлык кайра иштетүү үчүн 300 тоннага чейинки какао порошогун жана какаосу бар даяр азыктарды жеңилдетилген шартта импорттоого уруксат берилди. Бул чечим ата мекендик кондитердик тармакты колдоого багытталганы белгиленди.

Жыйында спорттук тамактанууну маркалоонун бирдиктүү эрежелери да бекитилип, ЕАЭБ аймагында продукция жүгүртүүнү жеңилдетүү чаралары каралды.

Ошондой эле ЕЭК Кеңеши Пакистан менен эркин соода келишиминин мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө боюнча атайын топ түзүүнү жактырды. Мындай кадам кыргыз экспортунун жаңы рынокторго чыгышына шарт түзөрү айтылды.

Мындан сырткары, 2030-жылдын аягына чейин LED-лампаларга импорттук алымдарды 0 пайыздан 5 пайызга чейин жогорулатуу чечими кабыл алынды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар