Башкы беткеСаясатМэр: “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу кайрылуулар көбөйдү

Мэр: “Менин шаарым” тиркемеси аркылуу кайрылуулар көбөйдү

Бишкек шаарында “Менин шаарым” расмий мобилдик тиркемесин колдонуу тездик менен өсүүдө. Бул тууралуу шаар бийлиги “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында билдирди.

Маалыматка ылайык, тиркеме аркылуу түшкөн кайрылуулар жыл сайын көбөйүп келет: 2023-жылы 9 миң, 2024-жылы 18 миң, ал эми 2025-жылы 25 миң кайрылуу катталган. Үстүбүздөгү жылы төрт айдын ичинде эле 11 миң билдирүү түшкөн.

Санариптик платформа муниципалдык кызматтардын ишин реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө жана тапшырмалардын аткарылышын так көрүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Шаар бийлиги жарандарды тиркемени активдүү колдонууга чакырып, бул система кайтарым байланышты күчөтүп, шаардык кызматтардын ишинин сапатын жакшыртууга өбөлгө болорун белгиледи.

Учурда тиркеме 1,4 миллион жолу жүктөлгөн, ал эми 520 миңге жакын колдонуучу аны туруктуу пайдаланат. Бишкекте расмий түрдө 1 миллион 371 миң адам жашайт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар