Башкы беткеМинистрлер кабинетиОргандарды алмаштыруу, донорлук боюнча эл аралык симпозиум өттү

Органдарды алмаштыруу, донорлук боюнча эл аралык симпозиум өттү

Бүгүн, 22-май күнү Бишкек шаарында органдардын донорлугу жана трансплантациясы боюнча эл аралык симпозиум өттү. Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов катышты.

Симпозиумга 10дон ашуун өлкөнүн алдыңкы окумуштуулары жана дарыгерлери чогулуп, трансплантология тармагындагы заманбап жетишкендиктерди талкуулашты.

Өз сөзүндө Улан Маматканов трансплантологияны өнүктүрүү жаңы технологиялардын, инновациялык диагностиканын жана эл аралык тажрыйба алмашуунун негизинде адамдардын өмүрүн сактап калууда чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып жатканын белгиледи. Ал ошондой эле мындай илимий платформалар адистердин кызматташтыгын чыңдап, медициналык практиканы өркүндөтүүгө өбөлгө түзөрүн айтты.

МинКаб өкүлү акыркы жылдары саламаттыкты сактоо тармагына бөлүнгөн каржы олуттуу көбөйгөнүн белгилеп, 2021-жылы 21,5 миллиард сом болгон бюджет 2025-жылы 52 миллиард сомго жеткенин билдирди. Ошондой эле медицина кызматкерлеринин айлык маянасы жогорулатылганы айтылды.

Маалыматка ылайык, акыркы үч жыл ичинде мамлекеттин колдоосу менен республикалык бюджеттин эсебинен 55 бөйрөк алмаштыруу операциясы жасалган. Анын 42си Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда, 13ү Режеп Тайып Эрдоган атындагы кыргыз-түрк достугу ооруканасында жүргүзүлгөн. Мындан тышкары, мамлекеттик каржылоо менен үч боор алмаштыруу операциясы жасалып, 2024-жылы Кыргызстанда алгачкы жолу жилик чучугун алмаштыруу операциясы ийгиликтүү өткөн.

Улан Маматканов жетишилген ийгиликтер мамлекеттик колдоо, медициналык инфраструктураны чыңдоо, адистерди даярдоо жана эл аралык кызматташтыктын натыйжасы экенин белгиледи.

Симпозиумдун жүрүшүндө бөйрөк, боор жана жүрөк трансплантациясынын заманбап ыкмалары, донорлук, анестезия, иммунологиялык шайкештик, инфекциялык коопсуздук, ошондой эле трансплантациянын укуктук жана этикалык маселелери талкууланды. Өзгөчө көңүл балдар трансплантациясын өнүктүрүүгө жана медициналык кадрларды даярдоого бурулду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар