Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 20-майына карата Кыргызстан, Россия жана Казакстандагы азык-түлүк товарларынын баасына салыштырма мониторинг жүргүздү.
Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы күндөрү баш пияз 2,3 пайызга, уй эти 1,3 пайызга, кой эти 1,1 пайызга жана жумуртка 0,8 пайызга кымбаттаган. Ошондой эле макарон азыктары 0,5 пайызга, спагетти 0,4 пайызга, кумшекер 0,4 пайызга, жергиликтүү 1-сорттогу буудай уну 0,2 пайызга жана күрүч 0,2 пайызга жогорулаганы белгиленди.
Ал эми картошка 2,2 пайызга, каймак май 1,3 пайызга жана сабиз 0,2 пайызга арзандаган.
Казакстанда күрүч, нан, каймак май жана күн карама майынын баасы өскөнү байкалса, ун, вермишель, кумшекер жана айрым жашылчалардын баасы төмөндөгөн. Россиянда болсо баш пияз, сабиз, эт азыктары, картошка, кумшекер жана өсүмдүк майларынын баасы кымбаттаганы катталган.
Министрлик азык-түлүк рыногундагы бааларга туруктуу негизде мониторинг жүргүзүлүп жатканын билдирди.



