Манас шаарында өзгөчө кырдаал режими жарыяланды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 24-майда түнү саат 23:40 чамасында жааган нөшөрлүү жаандын кесепетинен Манас шаарындагы турак үйлөрдүн жана чарбалык курулмалардын короолорун сел суулары каптады.
Алдын ала маалымат боюнча, 27 турак үйдүн короосун суу каптап, 4 үйдүн ичине жана 1 үйдүн жер төлөөсүнө суу кирген. Ошондой эле 7 көп кабаттуу турак үйдүн короолоруна жана жер төлөлөрүнө сел суулары кирген.
Селдин кесепеттерин жоюу иштерине ӨКМ жана атайын кызматтын өкүлдөрү, тургундар, жалпы 217 адам тартылды.
Жеринде штаб уюштурулуп, Манас шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.



