Башкы беткеДүйнөАКШ менен Иран Ормуз кысыгын ачууга макулдашты

АКШ менен Иран Ормуз кысыгын ачууга макулдашты

АКШ менен Иран Ормуз кысыгын ачуу боюнча принципиалдуу макулдашууга жетишкени маалым болду. Маалыматтарга караганда, келишимдин айрым шарттары дагы такталып жатат. Азырынча Иран деңиз коридорун көзөмөлдөө укугун сактап калабы же жокпу белгисиз бойдон калууда.

Ошол эле учурда Ирандын жогорку лидери менен байланышкан аскерий кеңешчи өлкө Ормуз кысыгын башкарууга “юридикалык укугу бар” экенин билдирген. Мындан тышкары, Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен байланышкан маалымат агенттиги Иран кысыкты толугу менен эркин ачууга макул болбогонун жазды. Тегеран кемелердин өтүүсүнө уруксат берүү, багытын жана кыймыл тартибин өзү аныктоону көздөп жатканы айтылууда.

Учурда Перс булуңунда 1500дөн 2000ге чейин кеме токтоп турганы маалымдалды. Негизги тоскоолдук катары Иран орноткон деңиз миналары көрсөтүлүүдө. Эксперттердин баамында, АКШ жана анын өнөктөштөрүнө тралдык кемелерди жөнөтүү үчүн бир нече жума талап кылынат. Ал эми мунай экспортун толук калыбына келтирүү үчүн кеминде 2–3 ай убакыт кетиши мүмкүн.

Дональд Трамп буга чейин АКШ менен Ирандын ортосундагы меморандум дээрлик даяр болуп калганын билдирген. Ал эми Иран Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Исмаил Багаи эки өлкөнүн позициялары жакындашканын жана өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандум акыркы баскычта экенин айткан.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар