Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги маалымдагандай, объект 2025-жылдын декабрь айында курула баштаган. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 137,5 млн сомду түзөт.
Мектеп эки кабаттуу болуп салынат. Анда окуу класстары менен катар лабораториялар, эмгек кабинеттери, китепкана, ашкана, жыйындар залы жана спорт зал каралган. Имараттын жалпы аянты 2008 чарчы метрди түзөт.
Учурда курулуш-монтаждоо иштеринин 35 пайызы бүткөрүлдү.



