Башкы беткеМинистрлер кабинети1-класска онлайн каттоо: 31-майда биринчи этап жыйынтыкталат

1-класска онлайн каттоо: 31-майда биринчи этап жыйынтыкталат

31-май күнү 1-класска электрондук каттоонун биринчи этабы соңуна чыгат. Бул тууралуу Агартуу министрлиги маалымдады.

Министрликтин билдирүүсүнө ылайык, биринчи этаптын алкагында ата-энелер балдарын жашаган дареги боюнча тиешелүү мектептерге каттай алышат.

Ал эми электрондук каттоонун экинчи этабы 1-июнда саат 10:00дө башталат. Бул мезгилде микроучасток боюнча каттоодон өтпөй калган балдар бош орун бар мектептерге кабыл алынат. Ошондуктан ата-энелерге арыздарды кечиктирбей берүү сунушталууда.

Учурда республика боюнча 192 250 орун бөлүнгөн. Бүгүнкү күнгө чейин алардын ичинен 71 871 бала мектепке кабыл алынды.

Мектепке каттоо 1mektep.edu.gov.kg платформасы аркылуу, ошондой эле «Түндүк», MegaPay жана башка банктык тиркемелер менен онлайн форматта жүргүзүлүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар