Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги студенттер (курсанттар) үчүн Президенттик стипендияга талапкерлерди тандоо башталганын билдирди.
Маалыматка ылайык, стипендия жогорку кесиптик билим берүү уюмдарынын күндүзгү бөлүмүндө окуган 3–4-курстун студенттерине конкурстук негизде ыйгарылат.
Талапкерлер жогорку академиялык көрсөткүчтөргө ээ болуп, сабактардын кеминде 90 пайызын «эң жакшы» баа менен окушу керек. Ошондой эле эл аралык жана республикалык олимпиадаларда, илимий изилдөөлөрдө, конференцияларда жана коомдук иш-чараларда активдүү болушу шарт.
Мындан тышкары, илимий макалалар, патенттер, гранттар жана башка жетишкендиктер да эске алынат.
Документтерди жогорку окуу жайлар тийиштүү министрликке жөнөтөт. Арыздар 1-августка чейин кабыл алынат.



