Башкы беткеКоомБишкекте эми электросамокаттар дагы эвакуацияланат

Бишкекте эми электросамокаттар дагы эвакуацияланат

Бишкек шаарында жеке мобилдүүлүк каражаттарын — электросамокаттарды, велосипеддерди жана кыска мөөнөттүү ижара сервистерин пайдалануунун жаңы эрежелери күчүнө кирди. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 22-май күнү вице-мэр Рамиз Алиевдин төрагалыгы алдында жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү боюнча штабдын жыйыны өткөн. Жыйында жолдорду жана тротуарларды оңдоо, аймактарды көрктөндүрүү жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын жөнгө салуу маселелери каралган.

Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында бир катар жаңы талаптар кабыл алынды.

Ага ылайык:
— электросамокаттардын максималдуу ылдамдыгы саатына 15 чакырым менен чектелет;
— атайын сары сызык менен белгиленген токтотуучу жайлар аныкталат;
— уруксат берилбеген жерге үч сааттан ашык ташталган самокаттар эвакуацияланат;
— үчүнчү жактарга келтирилген зыян үчүн милдеттүү камсыздандыруу киргизилет.

Ошондой эле самокаттарды ижарага берүүчү компанияларына колдонуучуларды көзөмөлдөөнү күчөтүү жана жол эрежесин бузгандарга чара көрүү сунушталды.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда Бишкекте 64 чакырым веложол түшүрүлгөн. Шаарда велоинфраструктураны өнүктүрүү иштери мындан ары дагы улантылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар